SunFlare Co., Ltd.

Global Interface & Solutions

Көптөгөн жылдардан бери кадыр-барктуу котормо агенттиги катары таанылган SunFlare компаниясы кардарларынын ишенимдүү интеллектуалдык өнөктөшү болуп келет.
Бизнес ишинин ар кандай тармактарында иш алып барган компаниялардын документтерге байланыштуу муктаждыктарын канааттандырып, ар тараптуу кызматтарды көрсөтөт.
Кардарлардын документтерге байланыштуу маселелерин аныктап, тез аранын ичинде чечип бере алабыз.

ISO 27001 жана ISO 9001 боюнча тастыкталган

Кардарларыбыздын документтерге байланыштуу ар кандай муктаждыктарын канааттандыруу максатында алардан купуя маалыматын алып, жеткирип берүү үчүн ишенимдүү коопсуз түзүлүштү иштеп чыкканбыз. Мындан тышкары, ар кандай эларалык башкаруу тутумдарына ылайык иш алып барып, кардарларыбызды жогорку сапатта тейлейбиз.

Ар кыл өнөр-жай жана бизнес тармактарында топтогон тажрыйбабыз чоң.

Кардарларыбыздын ишенимдүү бизнес өнөктөшү бойдон калуу үчүн эксперттерибиз менен кеңседен тышкаркы адистерибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштешип, кардарларыбыздын көйгөйлөрүн чечүү үчүн оптималдуу чечимдерди сунуштаганга аракет кылышат.

90 ашуун тилде иш алып барабыз

Эгер кандайдыр бир компания бизнес ишин дүйнөлүк масштабда өз алдынча өнүктүрөм десе, кызматташкан ар бир өлкөнүн тилин жана маданиятын билиши керек болот. Тилекке каршы, аларды жогорку кесипкөй деңгээлде билүү мүмкүн эмес. SunFlare компаниясында 90 ашуун тилди жана ошол тилде сүйлөгөн өлкөлөрдүн маданиятын жакшы билген адистер иштейт. Алардын жардамы менен, кардарларыбыз дүйнөлүк масштабда албан-албан ийгиликтерге жете алышат десек жаңылышпайбыз. Өз тилинде мыкты сүйлөгөн, ишин мыкты билген адистерибиз жогорку деңгээлдеги тактыкты жана кесипкөйлүктү талап кылган юридикалык документтер, илимий макалалар жана ченемдик-укуктук актылар сыяктуу документтер боюнча жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүшөт.

Компания тууралуу кыскача маалымат

Компаниянын аталышы

SunFlare Co., Ltd.

Негизделген жылы

1971-жыл, 1-август

Дареги

Токио шаарындагы башкы кеңсе:
Shinjuku Hirose Bldg., 4-7 Yotsuya, Shinjuku-ku,
Tokyo 160-0004, Japan

Кардарлар менен иштешкен директор

Хироуки Сасай

Кандай багыттарда иш алып барат

Документация

  • Котормо
  • Жергиликтештирүү (локализация)
  • Техникалык жана медициналык багыттагы документтерди иштеп чыгуу
  • Чыгармачыл кызматтар (дизайн, DTP, веб жана видео)

Консультация

  • Документация боюнча консультация
  • Изилдөө (мыйзамдар, регламенттер, стандарттар жана патенттер)
  • Каттоо жана тейлөө (патенттер, ченемдер жана медициналык жабдыктар)

Билим берүү жана окутуу

  • SunFlare академиясы
  • Котормочулардын квалификациясын тастыктаган сынак (TQE)
  • Корпоративдик тренинг
  • Семинарлар (патенттер жана медициналык жабдыктар)

Сертификаттары

ISO 27001, ISO 9001, ISO 17100, ошондой эле “Privacy Mark” (Япониянын санарип экономикага жана санарип коомго көмөк көрсөтүү институту) компаниясында иштегендердин жеке маалыматын коргоо деңгээлин баалоо тутумунун тастыктамасы,
Медициналык жабдыктарды сатуу жана жайылтуу укугуна берилген 2-типтеги уруксаттама

Back to Top